Стамбул аэропорту рейтингдеги ордун сактап калды

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 26-февралдан 3-мартка чейинки мезгилге карата авиациялык отчету жарыяланды.

2112247
Стамбул аэропорту рейтингдеги ордун сактап калды

Стамбул аэропорту 26-февралдан 3-мартка чейин күнүмдүк орточо 1321 рейс менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту катары катталды.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 26-февралдан 3-мартка чейинки мезгилге карата авиациялык отчету жарыяланды.

Отчотко ылайык, Стамбул аэропорту бул мезгилде күнүмдүк орточо 1321 рейс менен Европанын эң кыймылдуу аэропортторунун арасында биринчи орунга чыкты.

Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк 1283 каттам менен Лондон Хитроу, 1266 рейс менен Амстердам Схипхол, 1169 каттам менен Париж Шарль де Голль жана 1131 рейс менен Франкфурт аэропорттору орун алды.



Тектеш кабарлар