Израилдин Батыш Шериадагы мыйзамсыз турак-жай планына Түркиядан каршы чыгуу
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө айтты.
Израилдин Батыш Шериадагы мыйзамсыз турак-жай планына Түркиядан каршы чыгуу: Бул аракет токтотулушу керек.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Израиль бийлигинин Батыш Шериада 3500 үй куруу планын бекиткени Палестина жерлерин басып алууну дагы да кеңейтүү дегенди билдирет. Бул аракет дароо токтотулушу керек»,-деди.
Израилдин эл аралык укукту мындан ары бузуусуна жол бербөө үчүн Израиль кылган кылмыштардын эң туура терминология менен аныкталышы керектигин баса белгилеген Кечели, Батыш Шериадагы басып алуу иш-аракеттеринин эл аралык коомчулук тарабынан «мыйзамсыз отурукташуу» деп аталышынын жетишсиз экенин айтты.
Кечели : «Сөз болгон нерсе Палестина калкына мыйзамдуу түрдө тиешелүү болгон жерлерди Израилдин күч менен басып алуусу»,- деп айтты.
Израилде ашкере оңчул отурукташуу жана улуттук көз караш министри Орит Строк өзүнүн Х социалдык медиа платформасындагы эсебинен 3500 жаңы мыйзамсыз үйдүн курулушуна уруксат бергендерин жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.