Эрдоган Мерсинде элге кайрылуу жасады

Президент Эрдоган, жергиликтүү шайлоо иштеринин алкагында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Мерсин митингинде сөз сүйлөдү.

2112536
Эрдоган Мерсинде элге кайрылуу жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Аккую атомдук станциясынын бардык реакторлорунун 2028-жылга чейин ишке киргизиле турганын айтты.

Президент Эрдоган, жергиликтүү шайлоо иштеринин алкагында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Мерсин митингинде сөз сүйлөдү. 

Жылына 35 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрө турган Аккую атомдук станциянын курулушунун уланып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Станциянын бардык реакторлору 2028-жылга чейин ишке киргизилет»,- деди.

Өз бийлиги учурунда Түркиянын тарыхынын эң оор сыноолорун башынан өткөргөнүн айткан Эрдоган: «Бул этаптарды ийгиликтер менен артта калтырып тынымсыз чоң максаттарды көздөй багыт алдык. Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик өндүрүш көрсөткүчүн 20 пайыздан 80 пайызга көтөрдүк»,-деди.  

Президент алдыбыздагы мезгилде Түркиянын дүйнөдө абдан башкача позицияда болорун маалымдады.



Тектеш кабарлар