Арарат Мирзоян: «Түркия менен чек аралардын тез арада ачылышын каалайбыз»

1-3-мартта өткөрүлгөн Анталья дипломатиялык форуму (АДФ) 2024 үчүн Түркияга келген Мирзоян Анадолу агенттигине эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу баа берди.

2112395
Арарат Мирзоян: «Түркия менен чек аралардын тез арада ачылышын каалайбыз»

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Түркия менен чек аралардын тез арада ачылышын каалагандарын айтты.

1-3-мартта өткөрүлгөн Анталья дипломатиялык форуму (АДФ) 2024 үчүн Түркияга келген Мирзоян Анадолу агенттигине эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу баа берди.

Түркия менен өлкөсүнүн ортосунда тынымсыз байланыш бар экенин жана эки өлкөгө саякат кылган үчүнчү өлкөнүн жарандарынын өтүшү үчүн кургактык чек арасынын ачылышы боюнча келишим түзүлгөнүн түшүндүргөн Мирзоян, мунун бир гана үчүнчү өлкөнүн жарандары үчүн эмес, ошондой эле Армения менен Түркиядагы дипломатиялык паспорт ээлери үчүн да жарактуу болорун билдирди.

Мирзоян тарыхый Ани көпүрөсүнүн реставрациясынын да сөз болуп жатканын белгилеп, чек ара аймактарында инфраструктура жана жол куруу боюнча кээ бир келишимдер түзүлгөнүн эске салды.

Армян министри: «Армения Республикасы катары мамлекеттик чек аралардын тез арада ачылышын чын жүрөктөн каалайбыз. Дипломатиялык карым-катнаштар түзүлүп, адамдар жана маданияттар ортосундагы байланыштар көбөйүшүн каалайбыз»,-деп өз баасын берди.

Мирзоян Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу: «Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз жана жалпысынан Кавказ жана Түштүк Кавказ аймагында ырааттуулук менен тынчтыкты бекемдөө үчүн бул процессти улантуудабыз»,-деди.

Тараптардын биринчи кезекте бири-биринин жеринин бүтүндүгүн тааныганын дагы бир жолу кайталагысы келгенин белгилеген Арарат Мирзоян, жаңы чек араларды чийүүгө эч кимдин ыйгарым укугу жок экенин билдирди.

«Региондогу бардык байланыштар жана транспорт линиялары тууралуу» Мирзоян: «Биз транспорт каттамдарын ачууга даярбыз, биринчи кезекте бул аймактык транспорт байланыштарын ачуу биз үчүн абдан маанилүү жана бизге экономикалык пайда алып келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар