Анталья 6,5 миллиондон ашуун туристти кабыл алат

2024-жылдын Антальяда турист санында рекорддук жыл болору айтылды.

2112366
Анталья 6,5 миллиондон ашуун туристти кабыл алат

Антальянын быйыл 16,5 миллиондон ашуун туристти кабыл алаары күтүлүүдө.

Түрк саякат агенттиктери биримдигинин (TÜRSAB) Жер Ортолук деңиз аймагы өкүлчүлүк кеңешинин төрагасы Рыза Перчин, 2024-жылдын Антальяда турист санында рекорддук жыл болорун айтты.

Перчин алдын ала брондоо көрсөткүчтөрүнүн оң экенин, Англия, Польша жана башка Европа шаарларынан келген сандар менен үмүттүү сезонду баштагандарын билдирди.

Май айында орус турист рыногунун да туу чокуга чыгаарына, ал тургай өткөн жылдагы көрсөткүчтөн да аша турганына ишенгендерин баса белгиледи.

Антальянын эң жакшы ишке ашырган системанын «бардыгы камтылган» система экенин түшүндүргөн Перчин: «Анталияга 17 миллионго жакын турист келет десек, алардын 70-80 пайызы бул системабызга келишет. Биз да муну эң жакшы ишке ашыргандарданбыз»,- деди.

Анталья өткөн жылы 15 миллион 689 миң 258 чет элдик туристти кабыл алуу менен бардык мезгилдердин рекордун жаңылаган.



Тектеш кабарлар