Эрдоган:«Биз жер титирөө болгон шаарларыбызга коргонуу өнөр жайы инвестицияларын топтойбуз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Малатия митингинде коомчулукка кайрылуу жасады.

2112020
Эрдоган:«Биз жер титирөө болгон шаарларыбызга коргонуу өнөр жайы инвестицияларын топтойбуз»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия дипломатиясы, экономикасы, аскердик күчү жана коомдук түзүлүшү менен дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн арасында орун алганга чейин күрөштү уланта тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Малатия митингинде коомчулукка кайрылуу жасады.

Эрдоган 6-февралдагы жер титирөөдө Малатия жана башка шаарларда каза болгон 53 миң жаранды дагы бир жолу эскерди.

Процесс учурунда үй алууга укуктуу болгон миңдеген жарандын үйлөрүн тапшыргандарын баса белгилеген Эрдоган, жаңы үйлөрдүн курулушунун ылдам уланып жатканын айтты.

Эрдоган максаттарынын келерки жылдын ортосуна чейин жер титирөө болгон аймактагы бардык үй алууга укуктуу болгондорду турак жай жана соода имараттары менен камсыз кылуу экенин айтты.

Муну менен тим калбай, жер титирөөдөн зыянга учураган шаарларды келечекке даярдай турган түрдүү өндүрүш ишканаларын ишке ашырышканын баса белгилеген Эрдоган:«Ушул түшүнүк менен биз жер титирөө болгон шаарларыбызда коргонуу өнөр жайы инвестицияларын топтой турган турак-жай жана жумуш менен камсыз кылуу долбоорун ишке киргиздик»,-деди.

Президент эрдоган:«Биз башыбыздан өткөн башка сыноолор сыяктуу эле, жер титирөөнүн бизди максаттарыбыздан алагды кылышына жол бербейбиз. Түркия дипломатиясы, экономикасы, аскердик күчү жана коомдук түзүлүшү менен дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн арасында орун алганга чейин күрөшүбүздү улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар