Тышкы иштер министри Хакан Фидан 7 - 8 - мартта АКШга барат

Фидандын сапарынын алкагында өткөрүлө турган 7 – Түркия - АКШ стратегиялык механизм жыйынынын негизинде тараптар тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын кеңири талкуулашат.

2111341
Тышкы иштер министри Хакан Фидан 7 - 8 -  мартта АКШга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин чакыруусу менен 7 – 8 - мартта АКШга расмий сапар менен барат.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидандын сапарынын алкагында өткөрүлө турган 7 – Түркия - АКШ стратегиялык механизм жыйынынын негизинде тараптар тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын кеңири талкуулашат.

Тараптар глобалдык жана аймактык маанилүү окуялар боюнча ар тараптуу диалог өткөрүшөт.

Фидан Вашингтонго болгон иш сапарынын алкагында  АКШ Сенатынын мүчөлөрү менен жолугуп, АКШнын президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушары күтүлүүдө.

Фидан иш сапарынын алкагында аналитикалык борборлордун иш - чараларына да катышат.



Тектеш кабарлар