Чаталхөйүктө 8 миң 600 жылдык "нан" табылды

Кониянын Чумра районундагы неолиттик мезгилде 8 миң киши жашаган Чаталхөйүктөгү казууда  8 миң  600 жылдык "нан" табылды.

2111307
Чаталхөйүктө  8 миң 600 жылдык "нан" табылды

Кониянын Чумра районундагы неолиттик мезгилде 8 миң киши жашаган Чаталхөйүктөгү казууда  8600 жылдык "нан" табылды.

Дүйнөдө шаарлашуу болгон алгачкы жерлердин бири болгон Чаталхөйүктө үстүдөн кирилген, бири бири менен жанаша турган кирпич үйлөр болгон "Мекан  66" деп аталган аянтта нан бышырган меш табылды. 

Чоң өлчөмдө кыйраган нан бышыруучуу мештин айланасында буудай, арпа, буурчактын уруктары жана жей турган нерсе экендиги болжолдолгон   табылга табылды. 

Нежметтин Эрбакан университетинин Илим жана технологиялык изилдөө, ишке ашыруу борборунда (BİTAM) жүргүзүлгөн анализдерде, калдыктын б.з.ч. 6 миң 600-жылга таандык ачытылган нан экени аныкталды.

Казуу комиссиясынын жетекчиси жана Анадолу университетинин мугалими, доцент, доктор Али Үмүт Түркжан ачыткы кошулган нандын алгачкы үлгүлөрү Египетте табылганын айтып : "Чаталхөйүктөгү бул табылганын дүйнөдөгү эң эски нан экендигин айта алабыз. Бул органикалык калдыктарга байкоо жүргүзүү, анализдөө жана жылын эске алганда, мунун  болжол менен 8600 жылдык нан экендигин айта алабыз. Сомун нанынын кичирейтилгени. Ортосуна бармак басылган, бышырылган эмес бирок ачытылган, ичиндеги крахмалдар менен бирге ушул күнгө чейин келген. Бул күнгө чейин мындай үлгү табылган эмес".



Тектеш кабарлар