Аслы Гүвен БУУнун Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигин колдоого чакырды

БУУнун Башкы ассамблеясында Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигине байланыштуу абалдар тууралуу жыйын өткөрүлдү.

2111322
Аслы Гүвен БУУнун Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигин колдоого чакырды

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Аслы Гүвен БУУнун Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинин (UNRWA) ишинин маанисине токтолуп : "Биз бардык тараптарды Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигин колдоого чакырабыз",- деди.

БУУнун Башкы ассамблеясында Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигине байланыштуу абалдар тууралуу жыйын өткөрүлдү.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Гүвен Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинин 75 жылдан бери палестиналык качкындарга жардам берип жана коргоп келе жаткандыгын айтты.

Аслы Гүвен : «Бул жардамдар абдан маанилүү жана баш тартылгыс. Өмүрдү сактоодо»,- деди.

Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинин кызматкерининтайманбас аракеттерин чоң маани бергендеринайткан Гүвен : «Алар бул миссияда эң чоң миодетти аткарышууда.Акыркы5 айда150 Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинин  объектисине сокку урулуп, 160 кызматкер каза болду. Жарандар БУУнун желеги астында өлтүрүлдү жана жараланды»,- деди.

Гүвен Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинин 1949 - жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан курулгандыгын эске салып, : «Бул платформа эл аралык коомчулуктун кенен мүчөлүгүн жана абийирин чагылдырат. Башкы ассамблея Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинен чыгып жана палестиналык качкындарды өз алдынча калтыра албайт",- деп эскертти.

Аслы Гүвен Түркияны Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигинин каржылоо боюнча жумушчу тобунун төрагасы катары агенттиктин уникалдуу ишин колдоону уланта турганын баса белгилеп : "Биз бардык тараптарды Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш жүргүзүү агенттигин колдоого чакырабыз." — деп сөзүн аяктады.



Тектеш кабарлар