Түркиядан Газага жардам

Израилдин Газага 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында көбү балдардан турган 30 миңден ашуун киши каза болду.

2110297
Түркиядан Газага жардам

Түркиянын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Фатма Мерич Йылмаз, болжол менен 2700 тонна жардам жүгүнүн Газага жеткирилерин маалымдады.  

Йылмаз социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Газага жардам алып бара турган дагы бир кеменин Кызылай топтору тарабынан даярдалганын айтты.

Болжол менен 2700 тонна жардам материалдарын жүктөөнү уланткан кеменин Мерсинден чыгып Египетке жете турганын белгилеген Йылмаз: «Андан кийин жардам материалдарыбыз Рефах чек ара бекетинен Газага жүк ташуучу унаалар менен жеткирилет»,-деди.

Израилдин Газага 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында көбү балдардан турган 30 миңден ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар