Нуман Куртулмуш Кот-д'Ивуарга барды

Куртулмуш Кот-д'Ивуардын Улуттук парламентинин төрагасы Адама Биктого менен жолугушту.

2110852
Нуман Куртулмуш Кот-д'Ивуарга барды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Ислам Кызматташтыгы Парламенттик ассамблеясынын 18-конференциясына катышуу үчүн Кот-д'Ивуарга барды.

Куртулмуш Кот-д'Ивуардын Улуттук парламентинин төрагасы Адама Биктого менен жолугушту.

Эки өлкөнүн карым-катнаштарынын деңгээлине кубанганын айткан Куртулмуш: «Түркия катары акыркы жылдары Африкага кеңейүүнү ишке ашырып жатабыз. Көптөгөн Африка өлкөсүндөгү элчиликтерибизди кеңейттик, жаңы элчиликтерди ачтык, өкүлчүлүктөрүбүздү күчтөндүрдүк. Түркия катары Африканын дээрлик бардык жеринде африкалык досторубузга «Кана колуңарды сунгула, бирге буттан туралы» деп Африканын ойгонуусуна салым кошуу үчүн аракет кылуудабыз»,-деди.

Нуман Куртулмуш: «Африкалык досторубуз менен ар бир тармакта утуш принцибинин алкагында кызматташуубузду арттырып, долбоорлорубузду өнүктүрүүдөбүз. Батыш Африканын бардык жагынан маанилүү өлкөсү Кот-д'Ивуар менен мамилебизди мындан ары да чыңдоо жана бул мамилелерди эки тараптуу, көп тараптуу платформаларда өнүктүрүү үчүн олуттуу аракет кылып жатабыз. Эки өлкө тең туризм, соода, билим берүү жана инвестиция тармагында биргелешкен кызматташууга даяр. Бул сапардын эки өлкөнүн мамилесине олуттуу түрткү берерине ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар