Гүлер террордук уюмга карата кысымдын үзгүлтүксүз улана турганын айтты

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Гүлердин жетекчилигинде ички жана чек ара тышындагы бөлүктөрдүн командирлеринин катышуусунда видео телеконференция жыйыны өткөрүлдү.

2110856
Гүлер террордук уюмга карата кысымдын үзгүлтүксүз улана турганын айтты

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер террор менен күрөшүүдө өлкө ичинде жана чек аранын тышында ийгиликтүү өткөн операциялар менен жикчил террордук уюмга оор сокку урулганын айтты.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Гүлердин жетекчилигинде ички жана чек ара тышындагы бөлүктөрдүн командирлеринин катышуусунда видео телеконференция жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында иш-чаралар тууралуу маалымат алган жана тапшырмаларды берген Гүлер, глобалдык жана аймактык деңгээлде олуттуу окуялар болуп жаткан мезгилде, күчөгөн тобокелдиктерге, коркутууларга жана коркунучтарга каршы өлкөнүн жана улуттун коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо үчүн ынтызардуулук жана чечкиндүүлүк менен иштөөнү улантып жатканын билдирди.

Террор менен күрөшүүдө өлкө ичинде жана чек аранын ары жагында ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциялар менен террордук уюмга оор сокку урулганын, учурда уюмдун кыймылдуулугунун соңуна чыгуу чекитине жеткенин белгилеген Гүлер: «Алдыдагы мезгилде ушул убакка чейин талаада орноткон көзөмөлүбүздү жакшыртуу жана террордук уюмдун аракет жана кыймыл дараметинин нөлгө түшүрүлүшү үчүн кол тийбеген жана аяк баспаган жер калбайт»,- деди.

Гүлер террордук уюмга карата кысымдын үзгүлтүксүз улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар