Эрдоган-Шариф сүйлөшүүсү
Президенттиктин социалдык медиа баракчасынан маалымат берилди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен Түркия-Пакистан карым-катнаштарын, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулады.
Президенттиктин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Түркия-Пакистан карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды. Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Шахбаз Шарифти кайрадан премьер-министрликке шайланышы менен куттуктады жана Түркия менен Пакистандын ортосундагы карым-катнаштардын жаңы мезгилде тереңдеп өнүгөрүнө ишенгенин билдирди. Президент Эрдоган Пакистандагы террордук кол салууларды айыптап, Пакистан элине көңүл айтты»,-деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Али Асадов жолугушууларын улантууда
Азербайжандын премьер-министри президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан да кабыл алынды.