Лавров: «АДФ Эрдоган тарабынан демилгеленген жаңы саясат таануу форматы»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анталия дипломатиялык форумундагы (АДФ) жолугушууларынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

2110146
Лавров: «АДФ Эрдоган тарабынан демилгеленген жаңы саясат таануу форматы»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анталия дипломатиялык форумунун (АДФ) президент Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси менен башталган жаңы саясат таануу форматы болгонун айтты.

Лавров АДФдеги жолугушууларынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

АДФ аяктаганын белгилеген Лавров: «Бул Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган тарабынан демилгеленген салыштырмалуу жаңы саясат таануу форматы»,-деп айтты.

Лавров форумга мамлекет жана өкмөт башчылары да болгон 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышканын жана тышкы иштер министрлери деңгээлинде көптөгөн катышуучулардын болгонун билдирип: «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түрк кесиптештерибизге меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн дагы бир жолу басма сөз аркылуу ыраазычылык билдиргим келет»,-деди.

Форумдагы программалардын алкагында «АКШ башында турган Жамааттык Батыштын бардык мамлекеттердин эгемендик тең укуктуулугун сыйлоо принцибине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерин ачык эле тебелегенине» көңүл бурганын айткан  Лавров, Батыш азыркы эл аралык кырдаалды өзүнүн эрежелерин таңуулоо үчүн пайдаланып жаткандыгын билдирди.

Орус тышкы иштер министри:«Мен (форумдагы) талкуу пайдалуу болду деп үмүттөнөм. Президент Эрдоган сөз сүйлөгөн сессияда жана башка панелдерде кайсы жерде экенибизди жана эл аралык милдеттенмелерибизге кандай мамиле кылганыбызды кайрадан ойлонушубуз керек экени баса белгиленди»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар