Фидан: «Анталья дипломатиялык форумуна (АДФ) быйыл 148 өлкөдөн 4700 киши катышты»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун акыркы күнкү сессияларынан кийин баа берүү жыйынын өткөрдү.

2110216
Фидан: «Анталья дипломатиялык форумуна (АДФ) быйыл 148 өлкөдөн 4700 киши катышты»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Анталья дипломатиялык форумуна (АДФ) быйыл 148 өлкөдөн 4700 киши катышканын айтты.

Хакан Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун акыркы күнкү сессияларынан кийин баа берүү жыйынын өткөрдү.

«АДФке 19 мамлекет жана өкмөттүн башчысы, 2 атайын администрациянын башчысы жана 52 тышкы иштер министри катышты»,-деп айткан министр Фидан: «Айрым эл аралык актерлордун ар кандай маселелер боюнча кош стандарттары жана эл аралык укукту тоготпогон мамилеси форумдун катышуучулары тарабынан түзмө-түз ачык айтылды»,-деди.

Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газага жардамды бирөөнүн уруксатын күтүп жатып жеткирүүнүн 2 миллион кишинин жай жана үнсүз өлүмүнө ортоктош болууга тете экенин баса белгилеген министр Фидан: «Азыр эл аралык коомчулуктун калыптанып калган практикасын четке кагып, Газа боюнча бир тараптуу кадамдарга барылышы керек дегендер бар, биз муну колдойбуз»,-деди.

Тышкы иштер министри Фидан: «АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин чакыруусу боюнча стратегиялык механизм боюнча жолугушууну өткөрүү үчүн келерки аптада АКШга сапар пландалууда»,-деп айтты.

Орусия-Украина согушуна байланыштуу министр Фидан: «Бул оккупацияны таануу дегенди билдирбейт, бирок биз оккупацияны таануу менен эгемендүүлүк жана ок атышпоо маселесин өзүнчө бөлүп кароого убакыт жетти деп эсептейбиз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар