Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун (АДФ) алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

2110117
Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
makedonya bujar osmani-fidan
ozbekistan bahtiyar saidov-fidan.jpg
vatikan sekreteri paul richard-fidan.jpg
kirgizistan ceenbek kulubayev-fidan.jpg
isvicre ignazio cassis-fidan.jpg
agit genel sekreteri helga maria schmid-fidan.jpg
gezeravci-fidan.jpg
hakan fidan antalya.jpg
filistin riyad maliki-fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун (АДФ) алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Фидан Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтияр Саидов, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Сербиянын биринчи вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Ивица Дачич, Малайзиянын жогорку билим берүү министри Замбри Абдулкадир жана Түндүк Македониянын тышкы иштер министри Бужар Османи, Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис, Люксембургдун тышкы иштер жана тышкы соода министринин орун басары, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ)башкы катчысы Ксаивер Беттел, Европа Коопсуздук жана Кызматташуу  Уюмунун баш катчысы (ЕККУ) Хельга М. Шмид, Словакиянын тышкы иштер жана Европа иштери боюнча министри Юрай Бланар, Руанданын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Винсент Бирута жана Ватикандын мамлекеттик байланыштар боюнча катчысы (тышкы иштер министри) архиепископ Пол Ричард Галлахерменен жолугушту.

Хакан Фидан Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики менен да жолукту.

Министр Фидан Малики менен болгон жолугушуусунда Түркиянын Палестинага күчтүү колдоосунун улана турганын билдирди.

Израилдин кол салууларын дароо токтотушу жана ок атышпоо жарыялоосу керектигин баса белгилеген Фидан, кабыл алынган эл аралык параметрлерге ылайык эки мамлекеттүү чечимден башка альтернатива кабыл алынбай турганын белгиледи.

Фидан керектүү гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилишинин маанилүүлүгүнө токтолду.

Фидан Намибиянын эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Пея Мушеленга жана Косовонун вице-премьер-министри, тышкы иштер жана диаспора министри Доника Гервалла-Шварц менен да жолугушту.

Фидан Сенегалдын тышкы иштер министри Исмаила Мадиор Фолл, Молдованын тышкы иштер министри Михай Попшой, Черногория тышкы иштер министри Филип Иванович жана Буркина-Фасо тышкы иштер, аймактык кызматташтык жана чет өлкөдөгү буркиниялыктар министри Карамоко Жан-Мари Траоре менен жолугушту.

Күн бою ар кандай сессияларга катышкан жана кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Фидан форумдун алкагында уюштурулган кабыл алууда «Танини трионун» концертин укту.

Кабыл алууга айрым мамлекет башчылары жана министрлер да катышты. Фидан концерттен кийин форумга келген студенттер менен да баарлашты.

Фидан андан кийин АДФ аймагындагы стенддерге барды.

Министр Фидан Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжы менен да баарлашып, Түркиянын ата-мекендик жана улуттук унаасы ТOGGду карап чыкты.



Тектеш кабарлар