Эрдоган:«Түркия кылымы көз карашы менен чоң максаттарга багыт алдык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Антальянын оорукана шаарчасынын жана туташтыруучу жолдорунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2110109
Эрдоган:«Түркия кылымы көз карашы менен чоң максаттарга багыт алдык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия кылымы көз карашы менен дагы чоң максаттарды көздөп бараткандарын баса белгилеп:«Биздин максатыбыз мындан ары өнүккөн мамлекеттерди кууп жетүү гана эмес, алардын алдыңкы сабынан өз ордубузду алуу», - деди.

Президент Эрдоган Антальянын оорукана шаарчасынын жана туташтыруучу жолдорунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган оорукана шаарчаларын Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктеринин символу катары көргөнүн айтты.

«Биз мамлекетибизди 4 негизги мамыга көтөрөбүз деп убада бергенбиз. Биз буларды билим берүү, саламаттыкты сактоо, адилеттүүлүк жана коопсуздук деп санаганбыз»,-деп айткан Эрдоган:«Биз бул тармактарда жүргүзүлгөн реформалар аркылуу тынч жана коопсуз өлкөдө жашап жатабыз»,-деди.

Оорукана шаарчаларынын Түркияга мүнөздүү жаңы бир саламаттыкты сактоо системасы экенин белгилеген Эрдоган, жарандардын диагноз жана дарылануу үчүн чет өлкөлөргө барышканын, эми Түркиянын дээрлик бардык тармактар ​​боюнча дүйнөнүн алдыңкы саламаттык сактоо борборлорунун бирине айланганын белгиледи.

Президент:«Түркия кылымы көз карашы менен биз чоң максаттарга багыт алдык. Биздин максатыбыз өнүккөн мамлекеттерди кууп жетүү гана эмес, алардын алдыңкы сабынан өз ордубузду алуу. Биз жаштарыбызга саясат, экономика жана коргонуу жагынан баштап ар бир тармакта сыймыктана турган өлкө калтыргыбыз келет. Биз бул үчүн күнү-түнү дебестен тынымсыз иштейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар