Эрдоган Анталья дипломатия форумунда жолугушууларын баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстандын улуттук лидери жана коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гурбангули Бердымухамедов менен жолугушту.

2109867
Эрдоган Анталья дипломатия форумунда  жолугушууларын баштады
erdoğan radev.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстандын улуттук лидери жана коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гурбангули Бердымухамедов менен жолугушту.

Президент Эрдоган Анталья дипломатиялык форумуна катышкан мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушууларын баштады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен Түркмөнстандын эки тараптуу карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер, Израилдин бейкүнөө жарандарга системалуу кол салуулары каралды.

Эрдоган Түркмөнстан менен бардык тармакта эки өлкөгө пайда алып келе турган өз ара кадамдардын барган сайын уланып, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 5 миллиард доллар деңгээлине жетиши үчүн аракеттердин көбөйүшү керектигин айтты.

Жолугушууда президент Эрдоган Израилдин азык-түлүк жардамын күткөн жарандарга кол салуусунун кабыл алынгыс экенин белгилеп, Түркия менен Түркмөнстандын аймакка жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды көбөйтүү боюнча кызматташа аларын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Жаратылыш газ тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу меморандуму», «Мунай жана жаратылыш газы кендеринде кызматташуу ниети жөнүндө декларация» жана «Түркмөнстан аба жолдору менен Түрк Аэронавигациялык бирикмеси университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна»кол коюлду.

Жолугушуудан мурда президент Эрдоганга  туулган күнүнөн улам Түркмөнстан тарабынан «Түркмөн элинин ардактуу аксакалы» наамы ыйгарылып,  белек кафтан берилди.

Президент Эрдоган да коногу Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди.

Эрдоган форумдун алкагында Болгариянын президенти Румен Радев менен да жолугушту.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган жолугушууда Түркия менен Болгариянын өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана энергетика тармагында кызматташтыгын арттырып, башка тармактарда да карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Эрдоган Түркиянын Болгария менен кургактык аркылуу LNG экспорту, тажрыйба бөлүшүү жана жаңылануучу энергия тармактарында кызматташууга даяр экенин айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын Украина - Россия жана Израиль - Палестина темаларында болгон кагылышуулардын аймакка жайылышын алдын алууну биринчи орунга койгонун, маселелердин диалог жана тынчтык жолу менен чечилиши үчүн максималдуу түрдө аракет кылганын белгиледи.



Тектеш кабарлар