Анталья дипломатия форуму башталууда

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлгөн3 -Анталья дипломатия форуму бүгүн Антальяда башталууда.

2109629
Анталья дипломатия форуму башталууда

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлгөн 3 - Анталья дипломатия форуму бүгүн Антальяда башталууда.

Буга чейин Чоң жыйырмалыктар, НАТО саммиттери сыяктуу маанилүү жыйындар менен дүйнөлүк лидерлерди кабыл алган шаар 3 - ирет Дипломатиялык форумду өткөрүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган форумдун алкагында лидерлер менен, тышкы иштер министри Хакан Фидан 30дан ашуун кесиптеши менен жолугушат.

147 өлкөнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катыша турган форумдун негизги темасы "Кризис учурундагы дипломатияны баса белгилөө" болот.

Жакынкы Чыгыштан Азия-Тынч океанга Африкадан Латын Америкага чейин түрдүү географияларды кызыктырган темалар менен климаттык алмашуудан террорго, азык- түлүк коопсуздугунан космостук дипломатияга чейин көптөгөн глобалдык маселе карала турганфорумда «Газа» да сөз болот.

Палестиналык балдардын көз карашы менен Газада согушка күбө болгон балдардын сезимдери, жашаган кыйынчылыктар сөз болот.

Газа менен байланыш тобунун мүчөлөрү орун алган атайын паннел да өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар