Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 12-18-февралга карата авиациялык отчету жарыяланды.

2108872
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт

Стамбул аэропорту 12-18-февраль күндөрүнүн аралыгында күнүмдүк орточо 1302 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) 12-18-февралга карата авиациялык отчету жарыяланды.

Отчетко ылайык, Стамбул аэропорту бул мезгилде күнүмдүк орточо 1302 рейс менен Европанын эң кыймылдуу аэропортторунун арасында биринчи орунга чыкты.

Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк 1271 каттам менен Лондон Хитроу жана 1265 каттам менен Амстердам Схипхол аэропорттору ээледи.



Тектеш кабарлар