Фидан казак кесиптеши Нуртлеу менен жолугушту

Эки тараптуу саясий мамилелер талкууланган жолугушууда, коргоо өнөр жайы, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдарга баа берилгени маалымдалды.

2109288
Фидан казак кесиптеши Нуртлеу менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 1-3-мартта өтө турган 3-Анталья дипломатиялык форумунун алдында Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен Антальяда жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министр Фидан 3-Анталья дипломатиялык форумунун алдында казак кесиптеши Нуртлеу менен жолугушту.

Эки тараптуу саясий мамилелер талкууланган жолугушууда, коргоо өнөр жайы, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдарга баа берилгени билдирилди.

Эки өлкөнүн ортосундагы 10 миллиард долларлык соода көлөмүнүн өткөн жылы белгиленген пландан ашкандыгы эске салынып, тараптардын андан кийинки соода, энергетика жана транспорт тармагындагы долбоорлорду карап чыккандары айтылды.

Жолугушууда тараптардын аймактык маселелерди ар тараптуу талкуулашканына көңүл бурулуп, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) алкагында мындан аркы кызматташуу багыттарынын күн тартибине коюлганы кабарланды.



Тектеш кабарлар