Куртулмуш Япониянын Анкарадагы элчисин кабыл алды

Куртулмуш, Түркия менен Япониянын калктарынын бири-бирине абдан окшош элдер экенин, аралыктар алыс болсо да эки өлкөнүн жарандарынын чын жүрөктөн мамиле түзө алганын айтты.

2108799
Куртулмуш Япониянын Анкарадагы элчисин кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Япониянын Анкарадагы элчиси Катсумата Такахикону кабыл алды.

Парламенттеги кабыл алууда Куртулмуш, Түркия менен Япониянын калктарынын бири-бирине абдан окшош элдер экенин, аралыктар алыс болсо да эки өлкөнүн жарандарынын чын жүрөктөн мамиле түзө алганын айтты.

2024-жылдын Түркия менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 100 жылдыгы экенин эске салган Куртулмуш, кылымдык карым-катнашты күчтүү кадамдар жана ар тармакта кызматташуу менен дагы да улантууну каалагандарын билдирди.

Япония менен олуттуу соода карым-катнаштын бар экенин жана соода көлөмүн алда канча жогору көтөрүүнү каалашкандарын белгилеген Куртулмуш ошондой эле туризм, билим берүү жана жогорку технология тармактарында кызматташтыкты арттыруунун зарылдыгын да айтты.

Нуман Куртулмуш Түркия менен Япониянын жогорку технологияларда оңой кызматташа ала тургандай абалда экенин баса белгиледи.

Япониянын Анкарадагы элчиси Кацумата да Япония менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 100 жылдыгынан улам эки тараптуу карым-катнаштарды дагы да өнүктүрүү үчүн Түркиянын ар башка шаарларында маданий иш-чараларды уюштура тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар