Жевдет Йылмаз Британияга барат

Йылмазды программаларында, Президенттиктин инвестиция кеңсесинин төрагасы Ахмет Бурак Даглыоглу да коштоп жүрөт.

2107247
Жевдет Йылмаз Британияга барат

Вице-президент Жевдет Йылмаз инвесторлор менен ар түрдүү жолугушууларга катышуу үчүн бүгүн Британияга барат.

Йылмаз Британиядагы жолугушууларынын биринчи күнүндө Түркиянын Лондондогу элчиси Осман Корай Эрташ менен жолугуп, элчиликтин имаратында түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Вице-президент Йылмаз программасынын экинчи күнүндө Британиянын вице-премьер-министри Оливер Дауден, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) төрагасы Одил Реноуд Бассо жана Кипр Түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жолугушуп, Британ өнөр жай конфедерациясы уюштурган Жогорку деңгээлдеги тегерек стол жыйынына катышат.

Британиядагы Юнус Эмре институтунун Түрк маданият борборунда түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен да жолугуша турган Йылмаз, Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында Лондон биржасында инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Йылмазды программаларында, Президенттиктин инвестиция кеңсесинин төрагасы Ахмет Бурак Даглыоглу да коштоп жүрөт.

 



Тектеш кабарлар