Түркия Хожалы кыргынынын 32-жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 1992-жылдын 26-февралында Хожалыда болгон мыкаачылыктын адамзат тарыхында кара тактар менен ​​калганы белгиленди.

2107200
Түркия Хожалы кыргынынын 32-жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады
Xocalı Soyqırımı.jpg

Түркия Хожалы кыргынынын 32-жылдыгына байланыштуу «Азербайжандын Хожалы шаарында бейкүнөө жарандарга кыргын салууларды айыптайбыз» деп билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 1992-жылдын 26-февралында Хожалыда болгон мыкаачылыктын адамзат тарыхында кара тактар менен ​​калганы белгиленди.

«Хожалыда курман болгон 613 боордошторубуздун жана ал күнү жарадар болгон, туткунга түшкөн же дайынсыз жоголгон бардык азербайжандардын азабы биздин жүрөгүбүздө»,деген билдирүүдө кыргындан улам каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, Азербайжан элине көңүл айтылды.

Билдирүүдө: «Армениянын куралдуу күчтөрү 1992-жылдын 26-февралында Азербайжандын Хожалы шаарында бейкүнөө жарандарга кыргын салуусун айыптайбыз»,деген сөздөр камтылды.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш да Хожалы кыргыны болгон күнгө байланыштуу билдирүүсүн жарыялады.

Куртулмуш социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө: «1992-жылы 26-февралда Хожалыда армяндар тарабынан балдар, кары-картаңдар жана аялдар дебестен шейит кылынган бир туугандарыбызды Аллахтан ырайым тилөө менен эскерем жана Азербайжан элинин кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшөм. Бул окуянын курмандыктарын бүт дүйнө көрмөксөнгө салса дагы. Бүткүл дүйнө адамзатка каршы кылынган бул кылмыштын курмандыктарын көрмөксөнгө салса дагы, алар бар экенин унутпайбыз. Биз азербайжандык боордошторубузду ар дайым жакшылык менен эстейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар