Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү.
2107039
Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында жикчил террордук уюм ПККдан 4 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Террор менен күрөшүбүз эффективдүү жана чечкиндүү уланууда. Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныкталган ПККлык 4 террорист абадан операция менен таасирисз кылынды. Операцияларыбыз тынымсыз уланат»,-деп айтылды.
Ошондой эле Сириянын түндүгүндөгү Зайтун бутагы жана Евфрат калканы аймактарында кол салууга даярданып жаткан ПКК/ЙПГга мүчө 2 террористтин таасирсиз кылынганы маалымдалды.