ИКУнун Медиа байкоочу борбору түзүлөт

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хусейн Ибрахим Таха кечээ Стамбулда Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн ИКУнун маалымат министрлеринин кезексиз жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

2107030
ИКУнун Медиа байкоочу борбору түзүлөт

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хусейн Ибрахим Таха, «баскынчы Израилдин» палестиналыктарга каршы жасаган кылмыштарына байланыштуу документтерди чогултуу үчүн Медиа байкоочу борборунун түзүлө турганын айтты.

Таха кечээ Стамбулда Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн ИКУнун маалымат министрлеринин кезексиз жыйынынын ачылышында сөз сүйлөп, Израилдин Палестинага кол салууларын талкуулоо үчүн бул кезексиз жыйынга чакырган түрк өкмөтүнө жана түрк элине ыраазычылык билдирди.

Жыйында Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчылыгына караштуу Медиа байкоочу борборунун түзүлүшү сыяктуу бир катар кадамдардын кабыл алынганын белгилеген Таха, байкоочу борбордун «баскынчы Израилдин» палестиналыктарга каршы жасаган кылмыштары жана мыйзам бузуулары тууралуу документтерди чогултууну максат кылганын белгиледи.

Израилдин Палестина жерлеринде журналисттерге жана медиа уюмдарына кол салууларын улантып жатканын белгилеген Таха, Израилдин аймактагы чындыкты жана кылган кылмыштарын жашырууга, журналисттердин оозун жабууга жана кылган кылмыштарынан эл аралык коомчулуктун кабардар болушуна тоскоол болууга аракет кылганын баса белгиледи.

Таха, ИКУнун Палестина элине колдоо көрсөткөнүн дагы бир жолу баса белгилеп, Медиа байкоо борборунун эл аралык коомчулуктун «Палестина кризиси» тууралуу так маалымат ала алышы үчүн иш-чараларды уюштура турганын белгиледи.

Палестинанын маалымат министри Набил Абу Рудейне өз сөзүндө араб жана ислам өлкөлөрүн Палестина элине каршы согушту токтотуу үчүн АКШга кысым көрсөтүүгө жана билдирүүлөр менен эле канааттанбоого чакырды.

Палестиналыктардын 100 жылдан ашуун убакыттан бери улантып келе жаткан күрөшүнөн эч качан баш тартпай турганын белгилеген Рудейне : «Газа Палестина мамлекетинин ажырагыс бир бөлүгү. Израиль палестиналыктарга каршы эч кандай согушта жеңбейт. Биздин эркибиз, чечкиндүүлүк жана ыйык баалуулуктарыбыз бар. Биз багынбайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар