ИКУнун маалымат министрлеринин кезексиз жыйынынын жыйынтык декларациясы...

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгында Стамбулда өткөрүлгөн жыйынга 43 өлкөдөн 20 министр жана 200 жогорку деңгээлдеги өкүл катышты.

2107109
ИКУнун маалымат министрлеринин кезексиз жыйынынын жыйынтык декларациясы...

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) маалымат министрлеринин кезексиз жыйынынын жыйынтык декларациясында Газада эч кандай шартсыз ок атышпоо талабы коюлду.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгында Стамбулда өткөрүлгөн жыйынга 43 өлкөдөн 20 министр жана 200 жогорку деңгээлдеги өкүл катышты.

Израилдин журналисттерге кол салуулары жана системалуу жалган маалымат таратуу кампаниялары талкууланган жыйындын жыйынтык декларациясында эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга чакырды.

Израилдин геноцид кыргынын жаап-жашыруу үчүн жалган кабар таратуусун айыптаган билдирүүдө палестиналык журналисттердин атайылап бутага алынганы баса белгиленип, мунун чындыкты ооздуктоо кампаниясынын бир бөлүгү болгонуна көңүл бурулду.

Декларацияда жалган маалымат менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк баса белгиленип, Израилдин согуш кылмыштарын жашыруусуна бөгөт коюу үчүн биргелешип күрөшө тургандары белгиленди.

Эл аралык медиа уюмдары Израилдин адам укуктарын бузууларын жана журналисттерди бутага алган кампанияларын ашкерелоого чакырышты.

Израилдин журналисттерге каршы кылмыштары үчүн шашылыш иликтөө талап кылынды.

Бардык өлкөлөр 1967-жылдагы чек аранын негизинде борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин таанууга чакырылды.



Тектеш кабарлар