Эрдоган: «Түркия глобалдык держава болуу жолунда бекем кадам таштоодо»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгын да жүргүзгөн, президент Эрдоган, партиясынын Аданада өткөргөн митингинде сөз сүйлөдү.

2107104
Эрдоган: «Түркия глобалдык держава болуу жолунда бекем кадам таштоодо»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия глобалдык держава болуу жолунда бекем кадам таштаганын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгын да жүргүзгөн, президент Эрдоган, партиясынын Аданада өткөргөн митингинде сөз сүйлөдү.

Түркиянын тышкы саясатта бир гана аймактык күч эмес, глобалдык күч болуу жолунда бекем кадам таштаганын баса белгилеген Эрдоган: «Тышкы саясатта аброюбуздун артышынын артында күчтүү коргоо өнөр жайы бар. Коргоо өнөр жайындагы тышкы көз карандылыгыбыздын азайышы менен тышкы саясаттагы эффективдүүлүгүбүз жогорулады. Биз кызматка келгенде 80 пайыз башкаларга көз каранды болчубуз. Тышкы саясатта биз Европадан «мактоо» алууга аракет кылган өлкө эмес, тик жана кыраакы позициясы менен бүткүл дүйнөдө бааланган өлкөбүз», - деди.

Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында эпос жазганын, бүгүнкү күндө түрк учкучсуз учуучу аппараттары менен куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары 34 башка өлкөнүн асманын коргоп жатканын түшүндүргөн президент: «Учкучсуз учуучу аппараттар менен куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар ​​боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөсүнүн бирибиз. Күчтүү коргонуу өнөр жайыбыз менен дүйнөдө сөзү угулган өлкөгө айландык. Жакында КААН алгачкы учуусун ийгиликтүү ишке ашырды. KААН менен 5-муундагы учактарды чыгара алган дүйнөдөгү 4 өлкөнүн бири болдук. Бүткүл дүйнө КААН жөнүндө айтып жатат»,- деди.

«Түркиянын ийгиликтери чечкиндүүлүгүбүздү арттырып, дос өлкөлөргө үлгү болууда»,-деп айткан Президент Түркияны ар тармакта күчтөндүрүүнү жана өнүктүрүүнү уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар