Түркия Украианада адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго жетүүгө карата аракеттерин улантат
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.
Түркия Украинанын көз карандысыздыгы, эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүнүн негизинде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго жетүүгө карата аракеттерин уланта тургандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Россия - Украина согушунун экинчи жылы артта калып, кагылышуулардын Украинадагы таасиринин күчөгөндүгү, аймактык жана глобалдык дегээлдеги терс жыйынтыктарынын тереңдегендиги белгиленди.
"Дипломатиялык процессти кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган шарттардын акырында ортого чыгарына ишенебиз",- деп айтылган билдирүүдө бул түшүнүк менен тараптарга керектүү сунуштардын улантылып жаткандыгы баса белгиленди.
Билдирүүдө : "Украинанын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү жана жеринин бүтүндүгүнүн негизинде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго жетишине карата аракеттерибизди улантабыз",- деп айтылды.
Россия 2022 - жылы 24 - февралда Украинага согуш ачкан.
.
Тектеш кабарлар
"Деңиз арстаны-2024" машыгуусу башталды
Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан башкарылган машыгууда эки башка сценарий ишке ашырылат.