Фахреттин Алтун Түркиянын аскердик бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн тездик менен арттырып жаткандыгын айтты

Алтун социалдык медиа эсебинен улуттук коргонуу өнөр жайынын өнүгүшүнө байланыштуу билдирүүсүн англис тилинде бөлүштү.

2106868
Фахреттин Алтун Түркиянын аскердик бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн тездик менен арттырып жаткандыгын айтты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын аскердик бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн тездик менен арттырып жаткандыгын айтты.

Алтун социалдык медиа эсебинен улуттук коргонуу өнөр жайынын өнүгүшүнө байланыштуу билдирүүсүн англис тилинде бөлүштү.

Түркиянын аскердик бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн тездик менен арттырып жатканын белгилеген Алтун, мунун эң акыркы мисалы бешинчи муундагы КААН аскердик  учагынын биринчи учушун ишке ашыруусу экендигин белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын көз карашы менен Түркиянын жергиликтүү долбоорлору менен коргонуу тармагында  ишенимдүү  келечекке карай бара жатканын баса белгилеген Алтун сөзүн төмөнкүчө улантты : «Душмандарыбызды баш тарттырып, дүйнөнүн төрт тарабындагы союздаш жана өнөктөштүрүбүздүн коопсуздугуна дагы да күчтүү түрдө салым кошо алабыз. Акыркы  20 жылда көптөгөн алгачкыларга кол коюп аба, деңиз жана кургактыктагы мүмкүнчүлүктөрүбүздө маанилүү жолду басып өттүк жана келечектин мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү улантабыз».

Түркиянын аймакта тынчтык жана туруктуулук үчүн күрөшкөн мамлекет катары улуттук коргонуу өнөр жайынын өнүгүшү үчүн керек болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү уланткандыгын айткан Алтун : «Бардык ыктымалдарга карата даяр болуу, биз сыяктуу өлкөлөр үчүн геосаясий мажбурдуулук»,- деди.

 



Тектеш кабарлар