Улуттук чалгындоо уюмунун операциялары уланууда

Террорист Атеш Сириянын Камышлы аймагында жүргүзүлгөн чекит операциясы менен жок кылынды.

2105882
Улуттук чалгындоо уюмунун операциялары уланууда

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сириянын Камышлы аймагына жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын жооптууларынан Мурат Атешти таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Улуттук чалгындоо уюму тарабынан дайындалган атайын топтун көптөн бери тыкыр көзөмөлүндө болгон террорист «Ренас Амед» каймана аттуу Мурат Атешти таасирсиз кылуу үчүн кылдат байкоо иштери жүргүзүлдү.

Террорист Атеш Сириянын Камышлы аймагында жүргүзүлгөн чекит операциясы менен таасирсиз кылынды.

Жикчил террордук уюм ПККга 2014-жылы Европадан кошулган террорист Атеш, 2014-2016-жылдар аралыгында Ирак менен Сириянын Кандил, Авашин жана Гара аймактарында куралдуу аракеттерди жүргүзгөн.

Террорист Атеш ошондой эле уюмдун мыйзамсыз акча жүгүртүүсүн башкарган террористтердин арасында болгон.



Тектеш кабарлар