Ислам Кызматташтык Уюмунун Маалымат министрлери Стамбулда чогулат

Ислам Кызматташтык Уюмунун Маалымат министрлеринин кезексиз жыйыны  24 -  февралда өтөт.

2106168
Ислам Кызматташтык Уюмунун Маалымат министрлери Стамбулда чогулат

Ислам Кызматташтык Уюмунун Маалымат министрлеринин кезексиз жыйыны  24 -  февралда өтөт. 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда башкармалыктын жетекчилигинде  өткөрүлө турган жыйында Израилдин 7 -  октябрдан бери оккупациядагы Палестина  жерлеринде журналисттерге карата кол салуулары жана дүйнөлүк  коомчулукка каршы жалган маалымат таратуу иштери каралат.

Ислам Кызмататштык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн  Маалымат министрлери коммуникация жана медиадан жооптуу мекемелердин башчылары катыша турган жыйындын ачылышын Ислам Кызматташтык Уюмунун Маалымат министрлеринин кезектешкен башкаруучулугун аткарган,президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун менен Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха аткарат. 

Жыйында Газада жарандар менен бирге  130 журналисттин өлүмүнө себеп болгон Израиль башкаруусунун кол салуулары менен дүйнөлүк кооомчулукту жаңылткан, жалган маалымат таратуу иштери кенен каралат. 

Жыйынга катышкан өлкөлөр тарабынан кабыл алына турган акыркы декларация коомчулук менен бөлүшүлөт. Жыйын Ислам Кызматташтык Уюмунун тарыхындагы сектордук негизде өткөрүлгөн биринчи кезексиз жыйын. 

Ислам Кызматташтык Уюмунун Маалымат министрлери конференциянын кезектешкен башкаруучулугу  2022 -  жылы Сауд Арабиядан Түркияга өткөрүлгөн. 

 



Тектеш кабарлар