Стамбул эң көп туристти кабыл алган шаар

Өткөн жылы Стамбулга келген турист санында 2022-жылга салыштырмалуу 26 пайыздык өсүү болгону айтылды.

2105589
Стамбул эң көп туристти кабыл алган шаар
istanbul.jpg
istanbul.jpg
istanbul.jpg
istanbul.jpg

2023-жылы эң көп кыдырылган шаар Стамбул болду.

Лондондогу эл аралык изилдөө компаниясы Euromonitor International тарабынан даярдалган отчетто, мегашаар Стамбул 2023-жылы 20 миллион 200 миң чет элдик туристти кабыл алуу менен биринчи орунга чыкты.

Өткөн жылы Стамбулдагы турист санында 2022-жылга салыштырмалуу 26 пайыздык өсүү болгону айтылды.

Стамбулдун аба ырайы, тарыхый жерлери, ашканасы, кереметтүү Босфор кысыгы, түрк элинин боорукердиги жана музейлерде колдонулган технология туристтерди өзүнө тартып турат.

Англиянын борбор шаары Лондон болсо 18 миллион 800 миң турист менен отчетто экинчи орунду ээледи.

Тизмеде үчүнчү орунда болсо 16 миллион 800 миң турист менен Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаары бар.



Тектеш кабарлар