Куртулмуш менен Чавара Стамбулда жолугушту
Эки өлкөнүн карым-катнаштары каралган жолугушууда Израилдин Палестинага кол салуулары да талкууланды.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Израилдин Газадагы кыргынын Сребреницадагы геноцид менен салыштырды.
Куртулмуш Стамбулда Босния-Герцеговинанын Өкүлдөр палатасынын спикери Маринко Чавара менен жолугушту.
Эки өлкөнүн карым-катнаштары каралган жолугушууда Израилдин Палестинага кол салуулары да талкууланды.
«Түркия катары, өзгөчө Балкан өлкөлөрүндө ишеним жана ырааттуулукту камсыз кылуу биздин биринчи саясий көз карашыбыз»,-деп айткан Куртулмуш:«Балканда ар кайсы өлкөлөр жана ар кандай улуу державалар кандай оюндарды ойноп жатканын билебиз. Балкан элдеринин жана мамлекеттеринин бул жердеги милдети бул оюндардын тузагына түшпөстөн кызматташтыкты жана тилектештикти арттыруу»,-деди.
Израилдин Газадагы аракеттерин Сребреница кыргынына салыштырган Куртулмуш:«Израилдин Газага жасаган чабуулу адамзатка каршы азыркы заманда эч качан көрбөгөн оор кылмыш болуп саналат. Биз согуш кылмыштары боюнча далилдерди сотко берүү үчүн чара көрүп жатабыз»,-деп айтты.
Куртулмуш Нидерландиянын Гаага шаарындагы Эл аралык Адилет Соттунун убактылуу чечиминин Палестина маселесинде жаңы доорду ача турганын баса белгиледи.
Түркиянын колдоосу Балканда Босния-Герцеговинага күч-кубат бергенин белгилеген Чавара да президент Режеп Таййип Эрдоганга берген колдоосу үчүн да ыраазычылык билдирди.
Газадагы кыргынга байланыштуу Чавара Израилдин тез арада өлтүрүүнү токтотуусу керектигин баса белгиледи.