Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) январь айына карата авиациялык отчету жарыяланды.

2104119
Стамбул аэропорту биринчи орунду ээледи

Стамбул аэропорту январь айында күнүмдүк орточо 1308 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.

Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Евроконтрол) январь айына карата авиациялык отчету жарыяланды.

Отчетко караганда Стамбул аэропорту бул мезгилде күнүмдүк орточо 1308 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропортторунун арасында биринчи орунга чыкты.

Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк орточо 1201 каттам менен Лондон Хитроу, 1160 каттам менен Амстердам Схипхол жана 1032 каттам менен Париж Шарль де Голль аэропорту орун алды.

Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропорту болсо күнүмдүк орточо 596 каттам менен Европанын эң кыймылдуу 10-аэропорту болду.



Тектеш кабарлар