Алиев шайлоодон кийин алгачкы расмий сапары менен Түркияга келди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүндө 7-февралда өткөн президенттик шайлоодон кийин алгачкы расмий сапары менен Түркияга келди.

2103955
Алиев шайлоодон кийин алгачкы расмий сапары менен Түркияга келди
İlham Əliyev_Türkiyə səfəri.jpg
Mehriban Əliyeva və İlham Əliyev.jpg
Erdoğan Aliyev.jpg
İlham Aliyev Anıtkabir'de Azerbaycan2.jpg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүндө 7-февралда өткөн президенттик шайлоодон кийин алгачкы расмий сапары менен Түркияга келди.

Алиев коштоосундагы делегация менен алгач Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи жайгашкан Аныткабирди зыярат кылды.

Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, урмат-сый көрсөткөн Алиев, Аныткабир атайын китебине кол койду.

Илхам Алиев китепке мындай деп жазды: «Түрк дүйнөсүнүн чыгаан уулу, таланттуу колбашчы жана гениалдуу жолбашчы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн ардактуу элесин терең урматтоо жана таазим менен эскерем. Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк, мындан жүз жыл мурун Түркия Республикасын түптөп, эң сонун түзүлүш менен ал өзүнүн атын дүйнөлүк тарых барактарына жана элинин жүрөгүнө алтын тамгалар менен жазып калтырган.

Мустафа Кемал Ататүрк түптөгөн мамлекеттин азыркы өнүгүү деңгээлин, глобалдык дүйнөдө анын гүлдөп-өнүгүшүн, күчүн жана таасирин көрүү менен мен бир тууган Азербайжандын президенти катары өзгөчө сыймыктанам. Элибиздин эң чоң байлыгы болгон Азербайжан-Түркия боордоштугун, биримдигин жана ынтымагын сактап, келечек муундарга тартуулоо, стратегиялык биримдикти ар тараптан өнүктүрүү жана бекемдөө эки өлкөнүн алдындагы эң бийик милдет. Азербайжандын кубанычын өз кубанычындай, кайгысын өз кайгысындай билген улуу инсан Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн аздектелген элеси Азербайжан элинин жүрөгүндө ар дайым жашайт. Кудайым бейпил кылсын!»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө: «19-февраль дүйшөмбү күнү боло турган жолугушууларда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар тараптан каралып, кызматташтыкты дагы да тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат. Эки тараптуу карым-катнаштар менен катар учурдагы аймактык жана глобалдык абалдар боюнча пикир алмашуу болот»,- деп айтылган.

Андан соң президент Режеп Таййип Эрдоган Алиевди Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.

Аземден кийин жекеме-жеке жолугушкан Эрдоган менен Алиев делегациялар ортосундагы жолугушууга жетекчилик кылып, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөт.



Тектеш кабарлар