Тышкы иштер министри Хакан Фидан Мюнхенде жолугушууларды өткөрдү

Фидан Европа Биримдигинин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел жана Молдованын тышкы иштер министри Михай Попшой менен да өз  - өзүнчө жолугушту.

2103554
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Мюнхенде жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан 60 - Мюнхен коопсуздук конференциясы үчүн барган Германиянын Мюнхен шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа эсебинен берилген  билдирүүдө : "Министрибиз Хакан Фидан Мюнхенде Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды»,- деп айтылды. 

Фидан Европа Биримдигинин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел жана Молдованын тышкы иштер министри Михай Попшой менен да өз  - өзүнчө жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Боррелл менен жолугушуусунда Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын талкуулаган Фидан, Европа Биримдигине талапкер башка өлкөлөр менен Түркиянын ортосунда эч кандай дискриминация болбошу керектигин эске салды.

Газа маселеси да каралган жолугушууда Европа Биримдиги тарабынын Биримдик ичиндеги пикир келишпестиктердин  палестиналыктарга колдоо көрсөтүүгө олуттуу тоскоол болгону жана Израилге каршы эч кандай кыймылдын жок экени белгиленди.

Сирия маселеси талкууланган жолугушууда эки тарап тең Сирия режиминин саясий процесске кириши керектигин белгилешти.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Фидандын Молдованын тышкы иштер министри Попшой менен болгон жолугушуусунда экономикалык карым - катнаштар, энергетика, билим берүү жана коргонуу өнөр жайы тармактарында кызматташуу маселелери талкууланды.

Эки министр келечектеги жогорку деңгээлдеги сапарларды жана Түркиянын Гагауз Жерине кошкон салымдары тууралуу да сүйлөшүштү. 

 



Тектеш кабарлар