Жефф Флейк: «Түркия ажырагыс шериктеш»

Deseret News гезитинде жарык көргөн «Түркия менен күчтүү карым-катнаш Американын кызыкчылыгында» деген макаласында АКШнын Түркиядагы элчиси Жефф Флейк Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы карым-катнаштарга критикалык баа берди.

2102734
Жефф Флейк: «Түркия ажырагыс шериктеш»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түркиядагы элчиси Жефф Флейк Түркиянын ажырагыс шериктеш экенин белгилеп, окуялар Анкаранын маанилүүлүгүн тастыктаганын айтты.

Deseret News гезитинде жарык көргөн «Түркия менен күчтүү карым-катнаш Американын кызыкчылыгында» деген макаласында Флейк Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы карым-катнаштарга критикалык баа берди.

Азия менен Европаны бириктирген Түркия менен Стамбулдун географиялык жайгашуусунун философиялык жактан да Чыгыш-Батыш айырмачылыгына шилтеме кылганын белгилеген Флейк : «Ошондой эле согуш түндүгүндө Украинаны, түштүктө Газаны кыйратып жатканда, Түркия да так ортосундагы позицияда»,-деп айтты.

Элчи Флейк АКШ Конгрессинин Түркияга F-16 учактарын сатууну бекитүүсүнүн тараптар үчүн абдан маанилүү жана мааниси жогору экенин белгиледи.

НАТОнун экинчи чоң армиясына ээ болгон Түркиянын F-16 флотунун уюмдун күчү үчүн абдан маанилүү экенине көңүл бурган Флейк, эки тараптуу карым-катнаштардын мындан да терең экенин белгиледи.

Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согушка токтолгон Флейк, согуш дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун коркунучка салгандыктан түрк дипломаттарынын 40тан ашык өлкөгө болжол менен 33 миллион тонна эгиндин коопсуз өтүшүн камсыз кылган Кара деңиз дан демилгеси боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн, Кара деңиздеги күчтүү өлкөлөрдүн бири болгон Түркиянын дан жана башка керектүү жүктөрдү ташуусуна миналардын таасирин минималдаштырганын белгиледи.

Элчи Флейк Түркиянын дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарындагы таасирин, тарыхый байланыштарын жана экономикалык күчүн колдонушуна үмүттөнүшкөндөрүн белгилеп, Анкаранын «атаандаштары менен алар кыла албаган жолдор жана жерлерде диалог түзө алуу жөндөмүнө ээ экенин» баса белгиледи.

Түркиянын Газадагы кагылышуунун чечилишинде роль ойной турган абалда экенин белгилеген Флейк, Анкаранын да Вашингтон сыяктуу Палестина мамлекетинин курулушун туруктуу тынчтыктын эң жакшы жолу деп эсептегенин айтты.

Америка элчиси айрыкча, «Түркия Сахаранын түштүгүндөгү Африка жана Орто Азияда Кытайга альтернатива экенин далилдеди» деген сөдөрдү жазды.

2021-жылдын сентябрь айында «Түркия алмаштырылгыс шериктеш» дегенин эске салган Флейк, ушул убакка чейин болуп өткөндөрдүн Анкаранын маанилүүлүгүн тастыктаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар