Эрдоган: «Египет менен Түркиянын миң жылдан ашык орток тарыхы жана маданияты бар»

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Египетте кесиптеши Абдель Фаттах аль-Сиси менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2102458
Эрдоган: «Египет менен Түркиянын миң жылдан ашык орток тарыхы жана маданияты бар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Египет менен Түркиянын миң жылдан ашуун убакытка созулган орток тарыхы жана маданияты бар экенин айтты.

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Египетте кесиптеши Абдулфеттах эс-Сиси менен жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

«Миң жылдан ашуун убакыттан бери чырмалышкан орток тарых жана маданиятка ээ болгон Түркия менен Египеттин тамыры терең бул мурастан алган күч менен карым-катнаштарын татыктуу деңгээлге көтөрүү үчүн аракет кылып жатканын» баса белгилеген Эрдоган: «Урматтуу бир тууганыма Кеңешибиздин жыйынын өткөрүү үчүн биринчи мүмкүнчүлүктө Анкарада күтө турганымды айттым. Бул сапар биздин мамилелерибизде жаңы бурулуш болот деп ишенем. Соода жана экономика кызматташуубуздун локомотиви болуп саналат. Бүгүнкү кеңешүүбүздө кыска убакыттын ичинде соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүүнү макулдаштык. Мындан тышкары 3 миллиард долларга жакындап калган инвестицияларыбызды дагы көбөйтүүнү чечтик. Жолугушууларыбызда бул багытта жасай турган кошумча кадамдар тууралуу пикир алмаштык.

Коргоо өнөр жайы бизде олуттуу потенциалга ээ болгон дагы бир тармак. Египет коргонуу тармагына олуттуу инвестиция салууда. Египет менен күчүбүздү бириктирип, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгабыз деп ишенем. Биз ошондой эле LNG, өзөктүк жана кайра жаралуучу энергия тармактарында кызматташуубузду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоодобуз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Египет менен туризм, билим берүү жана маданият тармактарында болгон карым-катнаштарды дагы да күчтөндүрүү үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

Каирдеги «Юнус Эмре» институтунун дүйнөдө түрк тил курстарына эң көп кызыгууну тарткан филиал экенин белгилеген Эрдоган, өткөн жылы 22 миң египеттик студенттин түрк тилин үйрөнүү курстарына катталышынын кубандырганын  белгиледи.



Тектеш кабарлар