Түркиядан Газага жардам

Жардамды ташыган учак Египеттин Эль-Ариш аэропортуна жетти.

2102106
Түркиядан Газага жардам

Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган учак Египеттин Эль-Ариш аэропортуна жетти.

Кайсери аэропортунда болжол менен 1,5 тонна медициналык буюмдар жүктөлгөн Улуттук Коргоо министрлигинин Аскердик Аба күчтөрү командирлигине таандык А-400 М үлгүсүндөгү учак, даярдыктар аяктагандан кийин адис дарыгер жана медайымдардан турган 12 саламаттыкты сактоо кызматкери менен Эль-Ариш аэропортуна жөнөп кеткен.

Болжол менен 2 сааттык учуудан кийин аэропортко жеткен учактан жардам буюмдары түшүрүлдү.

Учак борбор шаар Анкарага кайтканда Газадан көптөгөн бейтаптарды жана балдарды да алып келет.



Тектеш кабарлар