Эрдоган Египеттеги маалымат жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган борбор шаар Каирдеги Иттихадия сарайында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

2102431
Эрдоган Египеттеги маалымат жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган 12 жылдан кийин бүгүн Египетке расмий сапар жасады.

Президент Эрдоган борбор шаар Каирдеги Иттихадия сарайында Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Эрдоган менен Египеттин президенти Сиси, Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйындарын кайра түзүмдөштүрүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Биргелешкен пресс-конференцияда Түркия-Египет карым-катнаштарын күчтүү деңгээлге алып чыгуу үчүн аракет кылгандарын баса белгилеген президент Эрдоган: «Кеңеш жыйыныбызды өткөрүү үчүн биринчи мүмкүнчүлүктө сүйүктүү бир тууганымдын (Сиси) Анкарага келишин күтүп жатканымды айттык. Бул сапар биздин мамилелерибиздеги бурулуш учур болот. Соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдаштык»,-деди.

Басып алынган Палестина жерлеринин күн тартибинин эң башында турганын билдирген Эрдоган: «Бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздөн аймакка 34 миң тоннадан ашык жардам материалдарын жөнөттүк. Жардамдардын жеткирилишинде Египет бийлигинин колдоосун өзгөчө баса белгилегим келет»,-деп айтты.

Эрдоган: «Газа калкынын өз жерлеринен сүрүлүп чыгарылышына карата аракеттер биз үчүн кабыл алынгыс. Египеттин бул темадагы мамилесин жогору баалайбыз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Ливия, Судан жана Сомалидеги маселелерди да талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бул өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн толук колдойбуз. Биз эч качан чыр-чатакты, чыңалууну жана кризисти каалабайбыз. Тынчтык жана коопсуздук үчүн Египет менен байланыштарыбызды ар дайым арттырууга чечкиндүүбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар