Эрдоган БАЭге барды

Президент Эрдоган бул жерде : «Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу» деген темада өткөрүлө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине ардактуу конок катары катышат.

2101457
Эрдоган БАЭге барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирликтерине барды. 

Президент Эрдоган ардактуу конок катары катышкан «Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу» темасында өткөрүлгөн Дүйнөлүк өкмөт саммитинде эки тараптуу жолугушууларынын алкагында БАЭнин президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту. Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Президент Эрдоган бул жерде  «Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу» деген темада өткөрүлө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине ардактуу конок катары катышат.

Түрдүү өлкөлөрдөн мамлекет жана өкмөт жетекчилери менен эл аралык мекеме, менчик сектор, илимпоздор, жарандык коомчулук, ой мекемелери, медиа өкүлдөрү жана ишкерлерди жолугуштура турган  саммитте негизги баяндамачы катары сөз сүйлөй турган Эрдогандын катышуучу өлкөлөрдөн башка кесиптештери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү  күтүлүүдө. 

 



Тектеш кабарлар