Уралоглу: « УУАларды башкаруу Түрксат спутниктери менен коопсуз болот»

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2101029
Уралоглу: « УУАларды башкаруу Түрксат спутниктери менен коопсуз болот»

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, өзгөчө Түркиянын улуттук учкучсуз учуучу аппараттарынын (УУА) Түрксат спутниктери аркылуу башкарыла аларын айтты.

Министр Уралоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түрксаттан улам учкучсуз учуучу аппараттардын коопсуз уча турганын баса белгилеп: «Биздин учкучсуз учуучу аппараттарды сырттан башкарууга мындан ары кийлигишүү мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Министр Уралоглу, алгач аскердик жана байкоо максаттарында гана колдонулуп келген учкучсуз учуучу аппараттар ​​акыркы жылдарда өнүгүп жаткан технология менен инженердик колдонмолордо, илимий изилдөөлөрдө жана жарандык тармактарда орун ала баштаганын айтты.

Уралоглу Түркияда өндүрүлгөн ата мекендик жана улуттук учкучсуз учуучу аппараттардын, ошондой эле спутниктик байланыш мүмкүнчүлүгүн талап кылган бардык учкучсуз учуучу аппараттардын башкаруусунун эми TÜRKSAT спутниктери аркылуу камсыздала баштаганын белгилеп:«Спутниктик байланыштары УУA операцияларында оюндун эрежелерин өзгөртүүчү катары мүмкүнчүлүк берүүдө. Түрксат спутниктери менен өзгөчө чет өлкөдө иштеген учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу коопсуз болуп калды. Спутниктик байланыштар уруксатсыз кирүү же кийлигишүү коркунучун азайтып, маалыматтарды берүү үчүн коопсуз жана шифрленген каналдарды камсыз кылат. Түрксат спутниктери менен учкучсуз учуучу аппараттарыбыз дүйнөнүн бардык жерине коопсуз уча алат»,-деди.

Уралоглу, бешинчи муундагы байланыш спутниги Түрксат 5Внын ишке киришинен кийин Түркиянын спутник маалымат сыйымдуулугунун 17 эседен ашык өскөнүн эске салды.

Түрксаттын аймактагы күчтүү спутник инфраструктурасына ээ операторлордун бири болгонун баса белгилеген Уралоглу, Түрксат спутниктеринин Европа, Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африка сыяктуу аймактарда учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө мүмкүнчүлүгүн жакшыртканын да белгиледи.

Уралоглу: «Спутниктерибиз үзгүлтүксүз жана ишенимдүү операциялык иш-аракеттерди эффективдүү жүргүзүүгө шарт түзөт. Биздин учкучсуз учуучу аппараттар ​​Түрксат спутниктери аркылуу кеңири жыштык тилкесинен пайдаланып; жогорку ылдамдыктагы маалыматтарды, аудио жана сүрөттөрдү өткөрүүгө жөндөмдүү», - деди .



Тектеш кабарлар