Эртең Дубайда өкмөттөрдүн саммити башталат

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 13-февралдагы саммитте «Туруктуулук жана жаңы глобалдык трансформациялар» темасында сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

2100679
Эртең Дубайда өкмөттөрдүн саммити башталат

Түркия ардактуу коноктордун арасында орун алган «Дүйнөлүк өкмөт саммити 2024» эртең Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Дубай шаарында башталат.

«Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу» темасы менен 12-14-февралда өтө турган 11-саммитте дүйнө жүзүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдүн көлөкөсүндө келечектеги мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар талкууланат.

Түркия, Катар жана Индия ардактуу конок болгон саммитке 25тен ашуун мамлекет жана өкмөт лидерлери менен бирге көптөгөн министрлер, мамлекеттик ишмерлер жана өз тармагындагы адистер катышат.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 13-февралдагы саммитте «Туруктуулук жана жаңы глобалдык трансформациялар» темасында сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Ардактуу коноктор коомго кызмат кылган стратегиялык секторлордо ийгиликтүү тажрыйбасы бар өлкөлөр менен өнөктөштүктү бекемдөө үчүн тандалып алынат.

Саммитте ошондой эле алты негизги темага көңүл бурулуп; «Натыйжалуу өкмөттөр үчүн өсүү жана өнүгүү процессин бекемдөө, жасалма интеллект жана келечектеги чек аралар, өнүгүүгө жана келечектеги экономикаларга жаңы көз караш, билим берүүнүн келечеги жана эртеңки коомдордун күтүүлөрү, туруктуулук жана жаңы глобалдык трансформациялар, урбанизация жана глобалдык саламаттык сактоо приоритеттери» деп белгиленди.

Конок өлкөлөр ийгиликтүү тажрыйбалары жана алдыңкы өнүгүү тажрыйбалары менен бөлүшө турган саммитте келечектеги тенденциялар жана глобалдык деңгээлдеги өзгөрүүлөр, ошондой эле аймактык жана эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты өркүндөтүү жолдору талкууланат.



Тектеш кабарлар