Сириянын түндүгүндөгү террорист Улуттук чалгындоо уюмунун колдоосу менен кармалды

Террорист Өмердин 2022-2023-жылдар аралыгында Манбиж жана айланасына колго жасалган жардыргыч заттарды ташыгандыгы аныкталды.

2099888
Сириянын түндүгүндөгү террорист Улуттук чалгындоо уюмунун колдоосу менен кармалды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) менен Сириянын улуттук армиясынын (СУА) күчтөрүнө каршы кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террорист Ахмет Аль Хаж Өмер, Сирияда Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) колдоосу менен колго түшүрүлдү.

Жикчил террордук уюм тарабынан бомба жабдыктарын колдонуу жана киши өлтүрүү боюнча машыктырылган террорист Өмердин 2022-2023-жылдар аралыгында Манбиж жана айланасына колго жасалган жардыргыч заттарды ташыгандыгы аныкталды.

Түркиянын куралдуу күчтөрү тарабынан террордон тазаланган аймактарда Түрк куралдуу күчтөрүнө жана Сириянын улуттук армиясына каршы кол салууга даярдаганы аныкталган террорист, MİTтин чалгындоо колдоосу менен Сириянын Убактылуу өкмөтүнө караштуу аскер полициясы тарабынан кармалды.

Террористтин үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда адам өлтүрүү жана бомбалуу кол салууларда колдонулушу үчүн даярдалган алыстан башкарылуучу жардыргыч зат колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар