Бодрумдун жээгинде мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Процедуралардан кийин мыйзамсыз мигранттар Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

2100106
Бодрумдун жээгинде мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Мугланын Бодрум районунун жээктеринде мыйзамсыз жолдор менен чет өлкөгө кетүүгө аракет кылган 15 мигрант куткарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтындагы билдирүүгө караганда, Бодрумдун жээгинде куткаруу салында мыйзамсыз мигранттар бар деген кабар түшкөндөн кийин аймакка жээк коопсуздук катери жөнөтүлдү.

Грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн резина кайыктагы 15 мыйзамсыз мигрантты куткарган кызматкерлер, мигранттардын аткезчилигине тиешеси бар бир шектүүнү да кармашты.

Процедуралардан кийин мыйзамсыз мигранттар Облустук миграция башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар