Стамбулда теракт алдына алынды
Бул тууралуу Ички иштер министри Али Йерликая соцтармактан маалымат берди.
2098367
Стамбулда Чаглаян сотунун алдындагы көзөмөлдөө пуктуна карата теракт жасоого аракет кылган 2 террорист өлүү колго түшүрүлдү.
Ички иштер министри Али Йерликая соцтармактан берген билдирүүсүндө Түркия убактысы боюнча саат 11:46да Стамбул Чаглаян сотунун алдындагы көзөмөлдөө пунктуна кол салууга аракет кылгандыгын белгиледи.
DHKP/C мүчөсү, бирөөсү аял болгон эки террористтин өлүү колго түшүрүлгөндүгүн айткан министр Йерликая : "Кол салууда 3 киши полиция болгон 5 киши жараланды. Баатыр полициябызды кутутктаймын. Жаралууларыбыздын бат айыгып кетишин каалаймын",- деди.
Окуя тууралуу Республикалык прокуратура териштирүү ишин баштатты.