Министр Гүлер Иракта

Министр Яшар Гүлердин Багдаддагы жолугушуулары уланууда.

2098540
Министр Гүлер Иракта

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, башкы штабдын төрагасы армия генералы Метин Гүрактын коштоосунда Иракта расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, министр Гүлер алгач Ирактын президенти Абдуллатиф Мухаммед Жемал Решид тарабынан кабыл алынып, андан соң Ирактын премьер-министри Мухаммед Шийа Саббар Хатим Эс-Судани менен жолугушту.

Анан Ирактын Коргоо министрлигине барган Гүлерди ирактык кесиптеши Сабит Мухаммед Саид Рыза Аль Аббаси аскердик азем менен тосуп алды.

Эки министр тең жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууларда эки тараптуу аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашылды.

Министр Яшар Гүлердин Багдаддагы жолугушуулары уланууда.



Тектеш кабарлар