Министр Фидан Мальтага барды

Фидан Мальтанын тышкы иштер, Европа иштери жана соода министри Ян Борг менен Валлеттадагы Премьер-министрлик сарайы Оберге де Кастильде жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2098464
Министр Фидан Мальтага барды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Түркиянын Ливиянын Бенгази шаарындагы башкы консулдугунун жакында ачыла турганын айтты.

Фидан Мальтанын тышкы иштер, Европа иштери жана соода министри Ян Борг менен Валлеттадагы Премьер-министрлик сарайы Оберге де Кастильде жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Мальтага сапарынан кийин Ливияга бара турганын билдирген Фидан: «Триполиде Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри, Жогорку мамлекеттик кеңештин делегациясы жана төрагалык менен жолугушууларды өткөрөбүз»,-деди.

Фидан Түркиянын алдыга койгон конструктивдүү саясатын дагы бир жолу кайталай турганын айтты.

Түркиянын Ливияда чыгыш менен батыштын ортосунда же түштүктү камтыган кандайдыр бир кагылышуунун кайрадан башталышын каалабаганын баса белгилеген Фидан, Ливиянын көйгөйлөрүн сүйлөшүү жолу менен чечүүсүн каалагандарын билдирди.

Ливиянын чыгышы менен батышынын ортосундагы бөлүнүүнүн туруктуу болушун да каалабагандарын айткан Хакан Фидан: «Бул бөлүнүү бардык тараптардын макулдугу менен, белгилүү бир процесстин алкагында жана диалог аркылуу тынчтык жолу ыкмасы менен чечилиши керек деп ойлойбуз жана бул жолдогу иш-аракеттерибиз уланууда»,- деди.

Фидан Түркиянын Ливиянын чыгыш тарабы менен да карым-катнаштарынын акырындык менен өнүгүп жатканын белгилеп: «Биз ал жактагы актёрлор менен иштешүүнү улантып жатабыз. Бенгазидеги башкы консулдугубузду кайра ачууну чечтик, жакында ачабыз. Компанияларыбыз кайрадан иштей баштады, экинчи жагынан Египет, Бириккен Араб Эмирликтери жана башка аймактык досторубуз менен Ливия маселесинде конструктивдүү роль ойноо аракетибизди улантуудабыз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар