Фидан: «Биз мындан да көп жайылууга туш болушубуз мүмкүн»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан бир телеберүү программасына катышып, күн тартибине баа берди жана суроолорго жооп берди.

2097409
Фидан: «Биз мындан да көп жайылууга туш болушубуз мүмкүн»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Ирандын ортосундагы көзөмөлдөнгөн кагылышууга байланыштуу: «Абал жакшы эмес. Биз мындан да көп жайылууга туш болушубуз мүмкүн»,- деди.

Хакан Фидан бир телеберүү программасына катышып, күн тартибине баа берди жана суроолорго жооп берди.

Фидан АКШнын Иран колдогон топторго кол салууларына байланыштуу суроого байланыштуу АКШнын «от менен ойноп жатканын» баса белгилеп: «От менен ойногондо, ал от каалаган учурда өрткө айланып кетиши мүмкүн. Ал көзөмөлгө алынбай калышы мүмкүн. Бул жерде биз тобокелдикке туш болуп жатабыз. Бул көзөмөлсүздүк маселеси биздин алдыбызда коркунуч катары турат»,-деп айтты.

Түркиянын аймактык өнөктөштөрү жана АКШ менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеген Фидан: «Аймактык жайылуудан алыс болушубуз керек. Абал жакшы эмес. Биз мындан да көп жайылууга туш болушубуз мүмкүн»,-деди.

АКШнын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө, өткөн түнү Сирия жана Иракта Ирандын Төңкөрүш сакчыларынын Кудс күчтөрүнө жана ага караштуу куралдуу топторго таандык эң аз 85 бутага абадан сокку урулганы, Йеменде 13 аймактагы  36 пунктка сокку урулганы билдирлген.



Тектеш кабарлар